15:05, 10 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com
АКШда аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкарманын (НАСА) 2000ден ашык жогорку даражалуу кызматкерлери отставкага кетүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу Politico документтерге таянуу менен билдирет
Ак үй НАСАнын каржылоосун 25 пайызга кыскартууну жана департаменттин 5000 улук кызматкерлерин кыскартууну көздөөдө. Алардын айрымдарына мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу, компенсация төлөп берүү жана кийинкиге калтыруу сунушталды.
Буга чейин Дональд Трамп өзүнүн Truth Social баракчасында миллиардер Илон Маск досун НАСАнын директорлугуна дайындоону суранганын билдирген.
Ак үйдүн башчысы бул кызматка АКШнын транспорт министри Шон Даффини азырынча милдетин аткаруучу кылып дайындады.