«Дордой» базарындагы коомдук тамактануучу жайларды рейддик текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталып, 29 мекеме жабылды. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине борбордогу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.
Анын айтымында, 27 субъектиге 171 миң сом айып салынган.
Буга чейин рейддик текшерүүлөр төрт ири базарда — Ош, Орто-Сай, Дордой жана Кудайбергендин айланасында жайгашкан мекемелерди камтыганы маалымдалган.
2025-жылдын алты айында Бишкектеги коомдук тамактануучу жайларга 11 миллион 662 миң сом айып салынган.


