Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде бир позицияга төмөндөдү
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде 104-орунда турат. Жаңыланган тизме эл аралык федерациянын сайтында жарыяланды.
Кыргызстандын командасы бир позицияга төмөндөдү.
Рейтингде 210 команда бар. Алдыңкы бештикке Аргентина, Испания, Франция, Англия жана Бразилия кирген.
Кыргызстан курамасы АФК зонасында 17-орунда турат.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстан курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун Азия зонасында эки беттешин өткөргөн — 5 жана 10-июнда КЭДР жана БАЭ командалары менен тең тайлашкан.
Ал эми Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 136-орунда турат.