09:51, 11 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун «Арал-Казарман» тилкесинде таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жолдун 255-256-чакырымында 18 айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын кызматкерлери тоо боорунан түшкөн 1 миң метр куб таштарды тазалашкан.
Учурда жолдун тилкеси эки тарапка тең ачык.