17:42
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Кыргызстан аэропорттору» заманбап үлгүдөгү 9 өрт өчүрүүчү унаа сатып алды

«Кыргызстан аэропорттору» ААК авиациялык инфраструктураны модернизациялоо боюнча программанын алкагында заманбап 9 өрт өчүрүүчү унаа сатып алды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Компаниядан билдиришкендей, анын ичинде Mercedes-Benz үлгүсүндөгү — 3, ал эми КамАЗ үлгүсүндөгү 6 заманбап аэродромдук өрт өчүрүүчү автоунаа сатып алынды.

Техникалар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

«Манас» эл аралык аэропортуна — 3 техника;

«Кыргызстан аэропорттору» ААКтын Ош филиалына — 4;

«Каракол» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторуна — 1ден.

Жаңы автоунаалар аэропорттордогу өзгөчө кырдаалдарда чара көрүү боюнча эл аралык стандарттарга толук жооп берет.

Белгиленгендей, бул Кыргызстандын аэропортторунун коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча стратегиянын дагы бир кадамы.

Эң көп окулган жаңылыктар