10:05, 16 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Ош шаарында дагы эки көчөгө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Алар Алымбек датка аймактык башкармалыгындагы Муса Жалил жана Ворошилов көчөлөрү. Буга чейин жашоочулар шаар мэри Жеңишбек Токторбаевге көчөлөргө асфальт төшөп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Анын негизинде мэрдин тапшырмасы менен элүү жылдан бери жасалбай турган жолго асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, аталган көчөнүн жашоочулары жана мекеме ишкана жетекчилери катышты. Жашоочулар жасалган жумуштар үчүн шаар жетекчисине ыраазычылык айтышып, жашоочулардын баары кубанычта экендигин билдиришти.