18:50
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ысык-Көлдөн бир чакырымдай браконьерлердин торлору алынды

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы үзгүлтүксүз иш-чаралар уланууда. Рейддин жүрүшүндө 1150 метр синтетикалык торлор суудан чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, торлор күн мурун Туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан браконьерликке каршы багытталган иш-чаралардын жана көл акваториясын мыйзамсыз салынган синтетикалык торлордон тазалоого арналган күнүмдүк иш-аракеттердин жүрүшүндө табылган.

Ысык-Көл ОИИБ
Фото Ысык-Көл ОИИБ. Ысык-Көлдөн 1 150 метр синтетикалык тор алынды
Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында Тору-Айгыр айылынын аймагынан көл үстүнөн 300 метр, Өрүктү айылынан 400 метр жана Кожояр айылынан 450 метр синтетикалык тор табылып, чыгарылды.

Аталган аракеттер экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана балык ресурстарын коргоо максатында өткөрүлүп, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү аракеттеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы рейддер үзгүлтүксүз улантылат.

Эң көп окулган жаңылыктар