10:17, 16 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Ысык-Көлдө браконьерликке каршы үзгүлтүксүз иш-чаралар уланууда. Рейддин жүрүшүндө 1150 метр синтетикалык торлор суудан чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, торлор күн мурун Туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан браконьерликке каршы багытталган иш-чаралардын жана көл акваториясын мыйзамсыз салынган синтетикалык торлордон тазалоого арналган күнүмдүк иш-аракеттердин жүрүшүндө табылган.
Аталган аракеттер экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана балык ресурстарын коргоо максатында өткөрүлүп, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү аракеттеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы рейддер үзгүлтүксүз улантылат.