ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны 1-сентябрда өтөт

15:31, 16 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны 2025-жылдын 1-сентябрында Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, күн мурун, 15-июлда Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүп, анда ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле жыйында ШКУнун күн тартибиндеги коопсуздук жана туруктуу өнүгүү жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду.