31-августта -Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтөт

10:02, 23 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com

31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу өткөрүлөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл президенттин кубогу 25-жолу өткөрүлүп, эң жогорку даражадагы мелдеш болот. Ошондой эле бул оюн март айындагы көк бөрү оюну учурунда болгон кырсыктан кийин, коопсуздук эрежелерин күчөтүү менен биринчи жолу уюштурулуп жатат.