Бүгүн Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келет

10:22, 23 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com

23-24-июлда Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Расмий сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана жолугушуулар мерчемделген. Атап айтканда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.