00:49
USD 87.35
EUR 102.33
RUB 1.10

Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.Эмнелер талкууланды?

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Владимир Путин Садыр Жапаровго украиналык кризисти жөнгө салуу маселеси боюнча америкалык тарап менен болгон жакынкы дипломатиялык байланыштарынын жүрүшү жөнүндө билдирди.

Кыргызстандын Президенти Россиянын Президентине берилген маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, бул кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдой тургандыгын билдирди.

Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты, ошондой эле эл аралык жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты.

Эске салсак, АКШ менен Орусиянын лидерлеринин Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча түз сүйлөшүүлөрү 15-августта Аляскада өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
13-август, шаршемби