Бишкек ысык бойдон калууда. 11-13-августка карата аба ырайы

09:00, 11 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Синоптиктер жаңы жуманын башында Бишкекте күн ачык болот деп убада кылышууда.

11-августта түнкүсүн +21 градуска жетиши күтүлөт. Күндүз аба +37 градуска чейин жылыйт.

12-августта ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн 21, күндүз 36 градус жылуу болот.

13-августта да жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +19, күндүз +35 градуска чейин ысыйт.