Үйлөр талкаланды. Түркияда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду

09:35, 11 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Түркияда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду. Стамбул, Бурса жана башка бир катар шаарларда сезилген жер титирөөнүн очогу өлкөнүн батышындагы Балыкесир провинциясында болгонун табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) билдирди.

Миллиет гезити. Түркияда жер титирөө
Балыкесир провинциясынын Синдирги районунда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу 11 чакырым тереңдикте болгону айтылат департаменттин билдирүүсүндө.

Жер титирөөнүн очогу Стамбулдан 400 чакырым алыстыкта болгон. Жер титирөө метрополиянын батышында 20-30 секунддай сезилип, батирлерде асма шамдар жана эмеректер солкулдап турду.

Соңку маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн улам Синдиргиде аз кабаттуу 10го жакын үй урап, 20дан ашууну катуу жабыркаган. Урандылардын астынан төрт адам тирүү чыгарылды, кеминде экөө урандылардын астында калды.

Жер титирөөдөн 1 адам каза болуп, 29 адам жаракат алганын Түркиянын ИИМ башчысы билдирди.