21:55
USD 87.43
EUR 101.42
RUB 1.08

Кыргызстандын ЖОЖдорунда абитуриенттерди кабыл алуунун акыркы туру башталды

Бүгүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларында абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүнүн акыркы, бешинчи туру башталды. Абитуриенттерди кабыл алуу «Абитуриент онлайн» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу жүргүзүлөт.

11-августтан 13-август саат 14.00гө чейин абитуриенттер сынакка катышуу үчүн катталат.

Окууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 14-августта саат 10.00гө чейин жарыяланат.

14-августтан 16-августка чейин саат 16.00гө чейин абитуриенттер университетке кирүү каалоосун ырасташы керек.

Эгерде бош орундар бар болсо, тизмеден кийинки жана кошумча кабыл алуу сунушталган абитуриенттердин тизмелери 18, 19 жана 20-августта илинет.

Жогорку окуу жайларына кадрларды даярдоо үчүн 10 миң билим берүү гранты бөлүнгөн.

Эске салсак, төрт турда ЖОЖдорго 27,5 миң абитуриент, анын ичинен 6,6 миңи бюджеттик негизде, 21 миңге жакыны контракт боюнча кабыл алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар