11:16, 11 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу өнөктүгүнүн үч турунан кийин 27,5 миңден ашуун абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу «Абитуриент онлайн» порталындагы ачык маалыматтарда айтылат.
Автоматташтырылган система боюнча бюджеттик бөлүмдөргө 6,6 миң адам, контракттык бөлүмгө дээрлик 21 миң адам кабыл алынган.
Басымдуу көпчүлүгү күндүзгү окууну тандашкан, болгону 1,2 миң адам — сырттан окуу.
Абитуриенттер көбүнчө гуманитардык илимдерди, билим берүү, медицина, маалымат технологиялары, экономика жана каржы, ошондой эле укук, архитектура жана курулуш тармагындагы багыттарды тандашат.
Төрт турга катышуу үчүн жалпысынан 61,3 миң талон катталган, анын 40,5 миңи — келишимге жана 20,8 миңге жакыны — бюджетке. ЖОЖдор 43 миңге жакын арыз тапшырган абитуриенттерди кабыл алуу үчүн сунуштаган.
Кадрларды даярдоо үчүн жогорку окуу жайларына 10 миң билим берүү гранты бөлүнгөн.
Кабыл алуу өнөктүгү беш тур менен өткөрүлөт.