11:24, 11 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандан Кытайга трансчегаралык акча которуулардын өсүү динамикасы туруктуу бойдон калууда. 2024-жылы алардын Кытайдагы жалпы көлөмү 1 миллиард 509,8 миллион сомду (17,25 миллион доллар) түзгөн. Муну Улуттук банктын маалыматы тастыктайт.
Бул жөнөтүлгөн көлөм 11,4 миллион долларга барабар болгон 2023-жылга салыштырмалуу 45,2 пайызга көп экендиги белгиленген.
Ал эми рекорд 2022-жылга таандык, анда Кытайга 1,86 миллиард сом которулган.