Кыргыз Республикасынын футзал боюнча Улуттук курамасы 2026 — жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына даярдык катары Венгрия курамасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, оюндар 29 жана 31-август күндөрү Будапешт шаарында өтөт.
Оюнчулар тизмеси жакынкы аралыкта белгилүү болоору айтылды.
Эске салсак, 2026 — жылкы Азия Кубогунун «F» тапасынын тандап алуу оюндары Бишкек шаарында 20-24-сентябрь күндөрү орун алат.