Футзал боюнча улуттук курама Венгрия менен жолдоштук беттеш өткөрөт

11:32, 11 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыз Республикасынын футзал боюнча Улуттук курамасы 2026 — жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына даярдык катары Венгрия курамасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, оюндар 29 жана 31-август күндөрү Будапешт шаарында өтөт.

Оюнчулар тизмеси жакынкы аралыкта белгилүү болоору айтылды.

Эске салсак, 2026 — жылкы Азия Кубогунун «F» тапасынын тандап алуу оюндары Бишкек шаарында 20-24-сентябрь күндөрү орун алат.