21:49
USD 87.35
EUR 102.33
RUB 1.10

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарында бир катар курулуш иштери менен таанышты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусунда жүрүп, курулуш иштери менен таанышууда. Видеону Region TV каналы жарыялады.

Жыйында ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров курулуш материалдарынын жана жумушчулардын жетишсиздигине нааразы болду.

«Нарын мындай чоң курулушка туруштук бере албайт. Аксакалдар Союз убагында да мындай болгон эместигин айтышты. Жолдорду жана башка объектилерди интенсивдүү түрдө куруп жатышат. Мындан улам завод курулса да шагыл таш, бетон жетишпей жатат. Жумушчулар жетишсиз», — дейт ал.

Бир ай мурун Камчыбек Ташиев иш сапары учурунда Нарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу жай жүрүп жатканына нааразы болгон. Курулуш министрлигинин башчысы Нурдан Орунтаев маселенин себебин бетондун жоктугу менен түшүндүргөн.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бетон заводунун маселеси анда меселе чечилээрин айткан. Ал «Лаборатория тийешелүү шайкештик сертификатын берери менен үч айдын ичинде иш бүткөрүлөт», - деп белгилеген.

Эң көп окулган жаңылыктар
13-август, шаршемби