Кыргызстанда бир жуманын ичинде 350дөн ашык мас айдоочу аныкталды

12:11, 11 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Өткөн аптада Кыргызстанда 353 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Рейд 4-августтан 10-августка чейин республика боюнча жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө төмөнкүдөй жол эрежесин бузуулар аныкталды:

Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 938;

Мас абалында унаа башкаруу — 353;

Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 165;

Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1090;

Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4187;

Авто ээнбаштык — 110;

Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3481;

Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 6;

Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 16 495;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2403 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.