Нарын шаарында биринчи муниципалдык мончо жана балдардын оюн-зоок борбору курулууда. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, мончо комплексинин курулушу жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен башталган.
«Нарындыктар Бишкекке мончого барышат деп уктум. Бирок бул жерде өзүңөрдүн бардык заманбап шарттары бар мончоңор пайда болсо жакшы болот да», — деди Камчыбек Ташиев.
Расмий маалыматтар боюнча, Нарын облусунда 9 миллиард 450 миллион сомдук инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор ишке ашырылууда.
Кошумчалай кетсек, мамлекет башчынын тапшырмасы менен мамлекеттик кызматкерлер жана коомчулук менен биргеликте жергиликтүү деңгээлде аныкталган артыкчылыктуу долбоорлорго дагы 1 миллиард сом бөлүнгөн.