Бүгүн, 11-августа «Манас» эл аралык аэропорту расмий түрдө IATA кодун FRUдан BSZге өзгөрттү. Бул тууралуу Кыргызстандын аэропортторунун басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, жаңы код айрым авиакомпаниялардын учакка отургузуу талондорунда көрсөтүлөт. Үч күндүн ичинде код бардык авиакомпаниялар үчүн толугу менен өзгөртүлөт.
Мурдараак маалымдалгандай, Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) № 763 резолюциясына ылайык, дүйнөлүк авиация тутумундагы коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салган, анын үч тамгалуу IATA кодун FRUдан BSZге өзгөртүү чечими кабыл алынган.Кыргызстан Аэропортторунун басма сөз кызматы 24-kg.com агентигине коомчулук сунуштаган BSH кодун алуу мүмкүн болбой жатканын, анткени BSH, MNS, MAN коддору алынганын билдирди.