12:38, 11 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 11-августа «Манас» эл аралык аэропорту расмий түрдө IATA кодун FRUдан BSZге өзгөрттү. Бул тууралуу Кыргызстандын аэропортторунун басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, жаңы код айрым авиакомпаниялардын учакка отургузуу талондорунда көрсөтүлөт. Үч күндүн ичинде код бардык авиакомпаниялар үчүн толугу менен өзгөртүлөт.
Кыргызстан Аэропортторунун басма сөз кызматы 24-kg.com агентигине коомчулук сунуштаган BSH кодун алуу мүмкүн болбой жатканын, анткени BSH, MNS, MAN коддору алынганын билдирди.