Кара-Суу районунун Кыргызстан айылында жаңы мектептин курулушу аяктады

14:19, 11 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргызстан айылында № 31 О.Курбанбаев атындагы жалпы билим берүүчү жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү уюмунун жалпы аянты 2 478 чарчы метрди түзөт.

Курулуш министрлиги. Жаңы мектептин курулушу аяктады
Мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпус жана спорт залынан турат. Негизги окуу класстарынан тышкары лаборатория, компьютердик класс, конференц-зал, кыздар жана балдар үчүн эмгек класстары каралган.

Белгилей кетсек, эски мектептин биринчи имараты 1979-жылы малчылар үчүн турак жай болуп курулуп, кийин мектеп катары колдонулган. Ал эми 1985-жылы бала бакча багытындагы кошумча корпусу салынып, бирок окуучулар билим ала баштаган.