15:28, 11 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Президент Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 25-июнунда кабыл алынган «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган мыйзам долбоору мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн жөнгө салган айрым мыйзамдарды «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
Мыйзамдагы негизги учурлар:
— Депутаттыкка талапкерлер, прокурорлор, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик орган жетекчилери, судьялар, Улуттук банктын кызматкерлери Министрлер кабинети аныктаган деңгээлде кыргыз тилин билүүгө милдеттүү;
— Сот процесстери мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек. Бирок расмий тилди да колдонсо болот;
— Бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо кыргыз тили окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болушу керек;
— Жарнаманын мамлекеттик тилдеги тексти мыйзам талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши үчүн жергиликтүү орган менен макулдашылышы зарыл;
— Керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө аудиовизуалдык, музыкалык жана башка программалардын 60 пайызы мамлекеттик тилде болушу шарт;
— Көпчүлүккө айтылган бардык маалымат (кулактандыруу, жарыя, көрнөк) алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы кажет.