Бүгүн, 12-августта Бишкек шаарында II эл аралык «Курак» фестивалы уланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-13-август күндөрү Бишкек дүйнөлүк курак өнөрүнүн борборуна айланат.
Фестивалды «СКерамос» ЖЧКсы жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду Маданият, министрлигинин колдоосу менен уюштурууда.
Курак — бул жөн гана кол өнөрчүлүк эмес, Борбор Азиянын маданий коду. Түркүн түстөгү жана ар түрдүү фактурадагы кездемелерден куралган жаркын полотнолор муундардын тарыхын баяндайт. Фестивалда 10 өлкөнүн усталары өз эмгектерин көрсөтүп, мастер-класстарды өткөрүшүп, текстиль калдыктарын кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашышат.
Фестивалдын негизги максаты:
билим берүү жана инклюзия — жаштарды, майыптыгы бар жарандарды жана «Одинокая старость» долбоорунун катышуучуларын чыгармачылыкка тартуу;
эко — калдыктарды кайра иштетүү маданиятын жайылтуу;
этно — курактын уникалдуу маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү.