Бүгүн кыргызстандык самбочулар Кытайда өтө турган Дүйнөлүк оюндарга катышат

10:05, 12 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыз Республикасынын Самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 13-14-августта Кытайдын Чэнду шаарында өтө турган дүйнөлүк оюндардын алкагындагы самбо боюнча эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, эки күнгө созулган бул спорттук иш-чарада медалдар жекече таймаштарда (эркектер жана аялдар арасында), ошондой эле аралаш командалык эсепте ойнотулат. Мелдештер Цзяньян маданий-спорт борборунун спорт залында өтөт.

Фото Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги. Самбочулар Кытайда өтө турган Дүйнөлүк оюндарга катышат

Кыргызстандын намысын коргой турган улуттук курама команданын курамында төмөнкү спортчулар бар:

Акак Үсөн кызы — 54 кг;

Саяк Бараканов — 64 кг;

Курманбек Замирбек уулу — 71 кг;

Мээримай Нурадилова — 80кг;

Бектен Эркебай уулу — 88 кг;

Бекназар Жээмырсаев — 98 кг.

Эл аралык деңгээлдеги спорттук иш-чарага Кыргыз Республикасынын Самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев жетектеген делегация катышууда.

Делегациянын курамында ошондой эле улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азамат Казакбаев, улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулу жана мелдештин калысы катары Антон Зверев да бар.

Дүйнөлүк оюндар — Олимпиада оюндарынын программасына кирбеген спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлүүчү көп түрдүү спорттук иш-чара. Быйыл бул мелдеш Кытайда биринчи ирет, ал эми Азияда экинчи жолу өткөрүлүп жатат.