«Кыргыз почтасы» пенсия жана жөлөкпулдарды жеткирүүдө 2 пайыздык комиссия алат

10:30, 12 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Министрлер кабинети «Кыргыз почтасы» ААКсы аркылуу пенсияларды жана социалдык жөлөкпулдарды төлөө тартибине өзгөртүүлөрдү бекитти.

«Кыргыз почтасы» 2026-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин төлөнүүчү пенсия жана жөлөк пулдун суммасынан 2 пайыз өлчөмүндө комиссия кармап калат.

Бул пенсияларды жана социалдык жөлөкпулдарды жеткирүүдө почта кызматынын кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөм катары төлөм суммасынын 2 пайызын кармап калат дегенди билдирет. Комиссия пенсионерлерден өзүнчө алынбайт — ал түздөн-түз аларга которулган каражаттардын эсебинен кармалат.

Мурда тарифтер башкача болсо, азыр унификацияланып, жөнөкөйлөштүрүлдү.

Өзгөртүүлөр 10 күндөн кийин күчүнө кирет.