12:27
USD 87.35
EUR 102.33
RUB 1.10

Фучик көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу автобустардын каттамдары өзгөрдү

Бишкек мэриясы
Фото Бишкек мэриясы

11-августтан 31-августка чейин Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу № 48, № 41, № 135, № 133, № 161 жана № 132 каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгынын алдын алуу үчүн жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.
Эң көп окулган жаңылыктар