Оштун мэри Маданият министрлигинен Сулайман-Тоо аймагын мэрияга берүүнү суранды

12:50, 12 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Маданият министрлигинен Сулайман-Тоонун айланасын муниципалитеттин карамагына өткөрүп берүүнү суранууда. Видеону мэриянын маалымат кызматы жарыялады.

Мэрдин айтымында, тоонун этегиндеги көрүстөндү рекультивациялоо жана ага бак-дарактарды, газондорду отургузуу, сейилдөө үчүн жашыл аймакты түзүү, электромобилдерди ишке киргизүү керек.

«Коноктор келсе эмнени көрсөтөбүз? Мүрзөлөр 100, 70 жыл мурун орнотулган. Ошондуктан аларды алып салыш керек, жолду кеңейтип, электромобилдерди ишке киргизиш керек», — деди ал.

Жеңишбек Токторбаев бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрыла турганын белгиледи.