21:49
USD 87.35
EUR 102.33
RUB 1.10

14-августта Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. 14-августта аварияга байланыштуу суу өчүрүлөт

14-августта Бишкектин бир бөлүгү муздак суусуз калат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аянты көчөлөр менен чектелет:

Үсөнбаев -Күрөңкеев — ЧЧК — Элебесов — Аул — Керамическая — Хвойная көчөлөрү чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Өчүрүү аварияны жоюуга байланыштуу болууда.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар
13-август, шаршемби