Орусияда абакта 1347 кыргызстандык бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров маалымат жыйынында билдирди.
«Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи кварталында эле өлкөдө 352 миңге жакын кыргызстандык мигрант катары каттоого алынган. Ошол эле учурда 680 миң эмгек жана жарандык келишим түзүлгөн, бул бир адамдын бир нече келишимге ээ болушу же Кыргыз Республикасынан алыстан иштөө мүмкүнчүлүгү менен түшүндүрүлөт», — деди ал.
Белгиленгендей, Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, август айынын башына карата кыргызстандыктарга карата 224 миңдей административдик протокол түзүлүп, 3 миң 748 адам өлкөдөн чыгарылып, 292 адам депортацияланган.
Бакыт Кадыров кылмыштуулук боюнча маалымат өзгөчө тынчсызданууну жаратып жатканын баса белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясында 1429 кылмыш жасаган, анын ичинде:
288 — баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө;
435 — маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонуу;
173 — уурулук.
2025-жылдын 1-апрелине карата Россиянын түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1347 жараны жазасын өтөп жаткан, анын ичинде:
646 — баңги кылмыштары үчүн;
181 — сексуалдык зомбулук үчүн;
93 — тоноо боюнча;
77 — киши өлтүрүү үчүн.
Эки мамлекеттин бийликтери Кыргызстандын жарандарынын Россия Федерациясында жүрүү шарттарын жакшыртуу жана мигранттар арасындагы укук бузуулардын деңгээлин азайтуу боюнча диалогду улантып жатканы белгиленди.