Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жыл башынан бери 689 миң 248 жол эрежесин бузуу фактысын аныкташкан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробековдун төрагалыгы алдында өткөн жети айдын жыйынтыгы боюнча өткөн жыйында айтылды.
Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен:
мас абалында унаа башкарган 9534 айдоочу;
ылдамдыкты ашырып айдаган 106миң 965 айдоочу;
терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 4432 айдоочу;
тийиштүү документтери жок унаа башкарган 25 114 айдоочу;
автоээнбаштык жасаган 805 айдоочу;
каршы тилкеге чыгып айдаган 13 433 айдоочу аныкталган.
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 93 миң 313 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Жыйындын жүрүшүндө аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине балдар жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, кырсыктардын алдын алууну күчөтүү тапшырмасы берилди. Кызматкерлердин мыйзамды жана кызматтык тартипти сактоосуна көңүл бурулду. Туристтик сезонго байланыштуу жол коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.