Маалыматка ылайык, учурда зым тартуу иштери Баткен районунун Ак-Сай айылынын Кожо Каары ашуусунда жана Лейлек районунун Катта-Туз жергесинде жүрүүдө.
Инженердик жабдуу иштери үч этап менен аткарылууда:
чуңкурларды казуу иштери 74 чакырым;
темир түтүктөрдү орнотуу иштери 68 чакырым;
зым тартуу иштери 62 чакырымга жетти.
Чек араны демаркациялоо иштерине төмөнкү мамлекеттик аскер кызматтары катышууда:
УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери;
УКМКнын Чек ара кызматынын инженердик сапердук отрядынын адистери;
Коргоо министрлигинин аскерлери;
ИИМ ички аскерлери;
ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери;
ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери
Белгиленгендей, жумушчу күчү жана курулуш материалдары жетиштүү.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 13-мартында Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки мамлекеттин чек арасы боюнча келишимге кол коюшкан. Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 1684 чакырымды түзөт.