Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Элдияр Төлөновду кабыл алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Элдияр Төлөнов 2022-жылы Баткен чек арасындагы жаңжал учурунда жардыргыч заттан учкун чыгып, эки көзүнөн жараат алган.
Жолугушуунун жүрүшүндө УКМКнын төрагасы жабыркаган офицерге материалдык жардам көрсөтүп, Элдиярдын ден соолугуна кам көрүү үчүн колдон келген жардамын берерин убада кылды.
2022-жылы Баткен районундагы чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алып, Туркиядан, андан соң Москва шаарынан дарыланып келет.
Элдияр Төлөновдун 1-топтогу майыптыгы аныкталгандан кийин Мамлекет тарабынан 1 млн 794 миң сом бөлүнүп, андан тышкары Бишкек шаарынан батир берилген. Учурда Элдияр Төлөновго ай сайын 15 765 сом жана майыптуулук боюнча 7000 сом пенсиялар төлөнүп турат.
Камчыбек Ташиев ушундай эл жерин коргогон чыныгы офиццер, патриот уулду тарбиялап өстүргөн Элдияр Төлөновдун ата-энесине терең ыраазычылыгын билдирди.
Мындан нары дагы колунан келген жардамын аябастыгын, жардам токтобостугун айтып, ага ден-соолук тиледи.