Бүгүн, 13-августта саат 10:00дөн 15:00гө чейин Бишкек шаарында турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Өчүрүүгө тийиш болгон абоненттердин тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:
«Берен Голд» соода борбору;
Шопоков көчөсүндөгү турак жай, 98;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имараты.
Сууну убактылуу токтотуу башкаруу клапандарын алмаштырууга байланыштуу болуп жатат.
«Бишкексууканал» ишканасы убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарга жана шаар тургундарына ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну сунуштайт.