Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов К2 чокусун багындырды. Ал кычкылтек бактарын колдонгон эмес. Бул тууралуу россиялык альпинизм «Club 7 Summits» фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Пакистандагы 8614 метр бийиктикте жайгашкан К2 чокусун багындырды.
Эске салсак, 7-июлда К2 чокусун багындыруу үчүн базалык лагерге барган. К2 чокусу Пакистан менен Кытайдын чектешкен жериндеги Каракорум тоо кыркасында жайгашкан. Интернет булактарындагы маалыматтарга караганда, бул чокуга кеминде 200 адам чыккан. К2 дүйнөдөгү татаал жана кооптуу чокулардын ичинен Аннапурнадан кийин экинчи орунда турат.
7-апрелде Эдуард Кубатов Непал өлкөсүндөгү деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан дүйнөдөгү эң татаал делген Аннапурна чокусуна кычкылтексиз чыгып, кыргыз туусун желбиреткен.
Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов былтыр Гиннестин рекорддор китебине кирген. Анда ал Манаслу чокусуна кычкылтексиз чыккан эң кары адам болуп калды. Альпинист бул чокуга 2022-жылдын 1-октябрында 50 жаш курагында чыккан.
Кубатов кычкылтекти колдонбостон чокуларды багындырган тажрыйбалуу альпинисттердин бири. Кыргыз экспедициясы Гималай тоосундагы 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусун үч жыл мурда багындырган. Алардын ичинен бул чокуга үч альпинист, анын ичинде Кубатов да кычкылтектин жардамысыз чыккан болчу.