10:09, 13 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Азия футбол конфедерациясынын Чакырык лигасынын тайпалык баскычына Жалал-Абаддын «Мурас Юнайтед» жана Канттын «Абдыш-Ата» командалары чыкты. Бул тууралуу АФКнын сайтында маалымдалды.
Бир күн мурун «Мурас Юнайтед» тандоо турунда бангладештик «Абахани Лимитед» командасын конокто 2:0 эсебинде утуп алган. Эки голду тең Атай Жумашев киргизди.
«Абдыш-Ата» Бишкекте Сириянын «Хуттин» командасынан күчтүү экенин көрсөттү — 5:2. Евгений Козлов хет-трик жасаса, Эрбол Атабаев менен Мирабдулла Аббасов бирден гол киргизди.
Турнирдин тайпалык баскычы 25-октябрда башталат.