10:21, 13 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда соңку бир суткада 38 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен:
Бишкек шаарында — 6;
Ош шаары — 2;
Ош облусунда — 6;
Чүй облусунда — 9;
Жалал-Абад облусунда — 5;
Ысык-Көл облусунда — 5;
Нарын облусу — 2;
Талас облусу — 1;
Баткен — 2.
Өрттү өчүрүүгө 42 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду.