14:44
USD 87.35
EUR 102.33
RUB 1.10

Кыргызстан АКШга күрүч экспортун көбөйттү

Ак-Турпак Баткен күрүчү Америкага жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы «Ак-Турпак Групп» ишканасы Америкага 5 тонна сапаттуу күрүч экспорттогон. Быйыл экспорттун көлөмү 10 тоннага жетет деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Европа өлкөлөрүнө жана коңшу Өзбекстанга дагы жөнөтүлөт. Бул тенденция жергиликтүү өндүрүүчүлөр дүйнөлүк стандарттарга жооп берген продукция чыгара аларынын далили.

Ак-турпак күрүчүнүн АКШ, Европа жана Өзбекстандын базарларына чыгышы Кыргызстандын экспорттук потенциалын кеңейтүүдө маанилүү кадам. Бул демилге өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүнө жаңы дем берип, дыйкандарга да, мамлекетке да пайда алып келүүдө. Эгер ушундай ишканалар көбөйсө Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшү дүйнөлүк деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагы күрүч өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө республика боюнча алдыңкы аймактардын бири болуп саналат. Аймактагы Миң-Чынар айылында жайгашкан «Ак-Турпак Групп» ЖЧКсы күрүч иштетүү жана таңгактоо багытында ийгиликтүү иштеп келет. Бул ишкана Кыргызстандын айыл чарба продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгаруу жолунда чоң кадам таштады.

Ишкана заманбап технологиялар менен жабдылып, күрүчтү тазалоо, кургатуу, сорттоо жана таңгактоо процессин толугу менен өздөштүргөн. Бул өндүрүштүн сапатын жогорулатып, экспорттук базарларга чыгууну шарттады. Натыйжада күрүч өстүрүүнүн көлөмү да өсүп, мурда бир гана ички базарга багытталган өндүрүш, эми сырткы суроо-талапка жараша кеңейип, жергиликтүү экономикага оң таасирин тийгизүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар