14:24
USD 87.35
EUR 102.33
RUB 1.10

Ош облусундагы «Ак-Сай» цемент заводу мамлекетке өткөрүлдү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош облусунун Ноокат районундагы «Ак-Сай» цемент заводу мамлекетке өткөнүн билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, 2022-жылы Ынтымак айыл өкмөтүнүн чечими менен заводду куруу үчүн «Ак-Сай цемент» жоопкерчилиги чектелген коомуна 10 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Бирок бул чечим Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарын бузган.

Ошентип, атайын кызмат көрсөткөндөй, компания ал жерди мыйзамсыз менчиктештирип, цемент заводун куруп, иштетип келген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында «Ак-Сай» цемент жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси цемент заводду имараттары менен бирге 10 га жер тилкесин мамлекетин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар