23:38
USD 87.35
EUR 102.33
RUB 1.10

Михай Эминеску атындагы сыйлык Султан Раев менен Карбалас Бакировго ыйгарылды

Казакстанда Михай Эминеску атындагы эл аралык академиянын абройлуу адабий сыйлыктарынын бирин тапшыруу аземи өттү. Сыйлык тапшыруу аземине Азиянын, Европанын, Африканын жана Американын белгилүү акын-жазуучулары, Нобель сыйлыгына талапкерлер, Швеция академиясынын мүчөлөрү катышты.

Михай Эминеску атындагы Эл аралык адабият академиясы (Румыния) Борбордук Азиянын көрүнүктүү акын-жазуучуларына академиянын жогорку сыйлыгы болгон Михай Эминеску алтын медалын тапшырды. Сыйлык алгандарга алтын медаль менен бирге лауреат наамы ыйгарылды.

Уюштуруучулардыккы
Фото Уюштуруучулардыккы. Медаль
Кыргызстандан сыйлыкты жазуучу Султан Раев менен акын Карбалас Бакиров алышты.

Казакстандан — акындар Улугбек Есдаулетов, Акшумкар Серик, Аккуштап Бактыкереева, Тынчтыкбек Абдухаким, Мээркан Акдаулетке берилди.

Ошондой эле Өзбекстандан Осмон Азимге, Түркиядан жазуучу Муса Касым Арыжанга наамдар жана сыйлыктар ыйгарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
13-август, шаршемби