13:43, 13 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Казакстанда Михай Эминеску атындагы эл аралык академиянын абройлуу адабий сыйлыктарынын бирин тапшыруу аземи өттү. Сыйлык тапшыруу аземине Азиянын, Европанын, Африканын жана Американын белгилүү акын-жазуучулары, Нобель сыйлыгына талапкерлер, Швеция академиясынын мүчөлөрү катышты.
Михай Эминеску атындагы Эл аралык адабият академиясы (Румыния) Борбордук Азиянын көрүнүктүү акын-жазуучуларына академиянын жогорку сыйлыгы болгон Михай Эминеску алтын медалын тапшырды. Сыйлык алгандарга алтын медаль менен бирге лауреат наамы ыйгарылды.
Казакстандан — акындар Улугбек Есдаулетов, Акшумкар Серик, Аккуштап Бактыкереева, Тынчтыкбек Абдухаким, Мээркан Акдаулетке берилди.
Ошондой эле Өзбекстандан Осмон Азимге, Түркиядан жазуучу Муса Касым Арыжанга наамдар жана сыйлыктар ыйгарылды.