2025-жылы Кыргызстандан АКШга 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттолду

15:27, 13 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

«Алтын-Аймак» ишканасы 2025-жылдын башынан бери Баткенден АКШга 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттогон. Бул жетишкендик продукциянын жогорку сапатын жана компаниянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн тастыктайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан «Алтын-Аймак» ишканасы кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө багытталган заманбап ишкана болуп саналат. Ишкана суткасына 10 тонна өндүрүш кубаттуулугуна ээ.

Ишкана эки негизги цехтен турат: күндүн энергиясын колдонуп, чийки продукцияны тез жана сапаттуу кургатуу, ошондой эле кайра иштетүү жана таңгактоо линиялары. Сезондо ишкана эки сменада 40-50 жумушчу менен иштеп, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзүп жатат.