23:39
USD 87.35
EUR 102.33
RUB 1.10

Чаткалдагы социалдык объектилерди курууда 5,8 млн сомдук зыян келтирилген

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда социалдык объектилерди куруу жана оңдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Каныш-Кыйын жана Терек-Сай айыл аймактарында жумуштар начар аткарылып же такыр аткарылбай калганына карабай бюджеттик каражаттар подрядчиктерге которулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аткарылбаган же сапатсыз аткарылган иштер үчүн подрядчы уюмдарга төмөндөгү фактылар боюнча бюджеттик каражаттар мыйзамсыз которулгандыгы такталып, мамлекетке 5,8 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Каныш-Кыя айылында мини-футбол аянтчасын курууда аткарылбаган иштер үчүн кошумча 1,67 млн сом төлөнгөн;

Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу К. атындагы мектепти жана Каныш-Кыядагы спорт комплексин курууда мамлекет 1,22 млн сомдук зыянга учураган;

Сумсар айылындагы «Ай-Балам» бала бакчасын капиталдык оңдоодо аткарылбаган жана сапатсыз иштер үчүн жергиликтүү бюджетке 2,89 млн сом зыян келтирилген.

Бул фактылар боюнча Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан 4 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
13-август, шаршемби