Нарын районунда Эки-Нарын жана Орук-Там айылдарын бириктирген көпүрө сынып, жүк ташуучу унаа дарыяга кулап кетти. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, бүгүн оор жүк ташуучу унаа өтүп баратканда көпүрө ортосунан сынып, унаа дарыяга кулап түшкөн. Окуя тууралуу 102 кызматына жергиликтүү тургундар кабарлашкан.
Окуя болгон жерде район башчысы, облустук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана райондук жарандык коргонуу кызматынын куткаруучулары иштеп жатат.
Көпүрө 1958-жылы курулган. Анын узундугу 38,5 метр, туурасы 7 метр. Маалым болгондой, көпүрө авариялык абалда болчу. Көпүрө Эки-Нарынды Орук-Там менен байланыштырып, райондун борбору менен, ички жана тышкы жайыттар менен байланышты камсыздаган.