23:43
USD 87.35
EUR 102.33
RUB 1.10

«Кумтор» медкызматы Тоголок кенин тез жардам унаасы менен камсыздады

Фото КГК

«Кумтор Оперейтинг Компани» ачык акционердик коому Тоголок кенинде жана Жангарт аянтчасында иштеген адистерине тез жардам медициналык унаасын сатып берди.

Компаниянын маалыматы боюнча, тез жардам катары ылайыкташтырылган жол тандабас унаа стационардык дарыланууга муктаж болгон компаниянын кызматкерин же Ак-Шыйрак айылынын тургунун ыкчам жеткирүү үчүн алынган.

Унаа кычкылтек системасы, кабылдама, каталка, сфигмоманометр сыяктуу негизги медициналык жабдуулар менен камсыздалган.

«Кумтор Оперейтинг Компанинин» медициналык кызматы 2024-жылдын июнунда түзүлгөн. Бир айдан кийин Жангарт аянтчасында медициналык пункт уюштурулуп, эки реаниматолог-анестезиолог Тоголок кенинде вахталык ыкмасы менен иштей башташтаган.

Тоголок алтын кени жетʏʏгɵ кыйын болгон Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан. Кенге эң жакын жаткан калктуу конуш — Ак-Шыйрак айылы 35 чакырым аралыкта жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
13-август, шаршемби