2025-жылдын 4-сентябрынан тарта «Асман аба жолдору» мамлекеттик авиакомпаниясы Бишкектен Нарынга үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачат. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Учуулар заманбап жана ыңгайлуу учактарда ишке ашырылары белгиленген. Эми борбордон Нарынга 40 мүнөттө жетүүгө болот. Билет баасы — 2 миң 100 сомдон. Азырынча жумасына бир рейс жасоо пландалууда.
Буга чейин Нарын аэропорту реконструкциядан кийин кайра иштей турганы айтылган. 1999-жылдан кийин жүргүнчү агымынын азайышынан улам жараксыз абалга келген жаңыланган аэропортко «Асман» авиакомпаниясы алгачкы техникалык каттамды ишке ашырды.