13:50
USD 87.35
EUR 102.33
RUB 1.10

Бишкекте дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 14-17-августка карата аба ырайы

Аптанын экинчи жарымында Бишкекте аба ырайы негизинен кургакчыл жана жылуу болору күтүлүүдө, бирок жекшембиде жамгыр жаашы мүмкүн.

Синоптиктердин айтымында, 14-августта абанын температурасы түнкүсүн +20 градустун тегерегинде, күндүз +35 градуска чейин жылыйт.

15-16-августта олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт: түнкүсүн +17 градустун тегерегинде, күндүз +33 градуска чейин.

17-августта өзгөрүлмөлүү булут каптап, түнкүсүн +17 градус жылуу болуп, бир аз жаан жаап, күндүз +31 градуска чейин ысыйт.

Эң көп окулган жаңылыктар